Башкы беткеДүйнөШвейцария Кыргызстандагы бизнес реформаларын колдойт

Швейцария Кыргызстандагы бизнес реформаларын колдойт

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын жана чакан, орто бизнести өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасы, ошондой эле дебюрократиялаштыруу жана уруксат берүү системасын санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилди.

Анын алкагында уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 439га чейин кыскартылганы, дагы 199 документти оптималдаштыруу пландалып жатканы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда бизнес чөйрөсүн жакшыртуу жана ишкерликти колдоо боюнча кызматташууну күчөтүүгө макулдашты.

 

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар