Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барып, эл аралык иш-чараларга даярдык көрүлүп жаткан объектилерди текшерди.
Сапардын жүрүшүндө ал Кырчын капчыгайындагы этномаданий аянтчаларды, ипподромду жана ат спорту менен асыл тукум жылкычылыкты өнүктүрүү борборун көрүп чыкты. Объектилерди модернизациялоо жана мелдештерге даярдоо маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл Бает айылында өтө турган UIM F1H2O дүйнө чемпионаты — Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026 эл аралык мелдешине даярдыкка бурулду. Адылбек Касымалиев туристтерди жана эл аралык командаларды кабыл алуу үчүн даярдалып жаткан жээк инфраструктурасы менен таанышты.
Ошондой эле ал Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборуна барып, бул жайды эл аралык маданий иш-чаралар өтүүчү маанилүү борбор катары сактоо зарылдыгын белгиледи.
Сапардын алкагында курулуш тармагына алынган жаңы атайын техникалар дагы көрсөтүлүп, министр Нурдан Орунтаев аларды аймактарга бөлүштүрүү пландары тууралуу маалымат берди.
Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга объектилерди даярдоо иштерин тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.


