Башкы беткеМинистрлер кабинетиШКУнун Жаштар санарип форумуна катышуучуларды кабыл алуу башталды

ШКУнун Жаштар санарип форумуна катышуучуларды кабыл алуу башталды

4–5-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар санарип форумуна катышуучуларды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, форум жаштардын санариптик технологиялар, инновациялар жана эл аралык кызматташтык жаатындагы демилгелерин колдоого, тажрыйба алмашууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Учурда форумга катышуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Каалоочулар анкетаны YDF.KG расмий сайты аркылуу толтура алышат.

Анкеталарды кабыл алуу 2026-жылдын 28-май күнү саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар