Башкы беткеДүйнөАКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик машыгууларды өткөрөт

АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик машыгууларды өткөрөт

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы — CENTCOM 2026-жылдын июнь айында АКШ аймагында өтө турган көп улуттуу Regional Cooperation 2026 аскердик машыгуулары тууралуу жарыялады.

Маалыматка ылайык, машыгууларга Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аскер өкүлдөрү катышат. Бул форматтагы окуулар 30-ирет өткөрүлүп жатат.

АКШ азырынча катышуучу өлкөлөрдүн толук тизмесин жарыялай элек. Бирок буга чейинки машыгууларга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Монголия жана Пакистан катышып келген.

CENTCOM маалымдагандай, Regional Cooperation сериясындагы машыгуулар эл аралык операцияларды биргелешип аткаруу, терроризмге каршы аракеттенүү, аскердик кызматташтыкты күчөтүү жана жарандык-аскердик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

2026-жылдагы машыгуунун так кайсы жерде өтөрү азырынча расмий жарыялана элек.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар