Мамлекеттик ипотекалык компания Кант шаарында салып жаткан 5 250 батирлүү турак жай 2027-жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган курулушту көрүп жатканда маалымдалды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы долбоордун эскиздик чечимдери, инфраструктуралык камсыздоо жана курулуштун даярдык этабы боюнча жооптуу тараптардан кеңири маалымат алды.
Белгилей кетсек, долбоор үчүн Кант шаарынын батыш бөлүгүнөн №3 контурда жайгашкан жалпы 60 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Ал жерге 150 жети кабаттуу үй түшүп, 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча курулат. Батирлер 1-2-3 бөлмөлүү. Ошондой эле долбоордо балдар аянтчалары, жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар жана социалдык инфраструктура объектилери камтылган.
Адылбек Касымалиев долбоордун өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү менен белгиленген мөөнөттө бүтүрүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, мындай масштабдуу социалдык долбоорлор элдин турак жай маселесин жеңилдетип, аймактардагы инфраструктуранын өнүгүшүнө чоң түрткү берет.


