Ынтымак Ордодо Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз менен видео байланыш форматында сүйлөшүү өткөрдү.
Жолугушууга Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышып, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана транспорттук кызматташтык маселелери талкууланды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду. Учурда эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба продукциясынын түрлөрүн экспорттоого байланыштуу 17ге жакын протоколго кол коюлганы белгиленди.
Тараптар өз ара соода жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында Ош аэропортунда жүк кампасын түзүү демилгесин дагы карашты.
Мындан тышкары, учурда курулушу уланып жаткан “Барскоон–Бедел” автожолу үчүн атайын техникаларды жана курулуш материалдарын өткөрүүгө багытталган убактылуу жол уюштуруу маселеси көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык байланыштарды, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты жана башка багыттардагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.


