Башкы беткеКоомКыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 8 медаль жеңишти

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 8 медаль жеңишти

2026-жылдын 20–27-апрель күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн Авиценна атындагы эл аралык биология олимпиадасында (AIBO — Avicenna International Biology Olympiad) Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү катышып, рекорддук көрсөткүчкө жетишти.

Дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген мыкты окуучулар катышкан билим таймашында кыргызстандык окуучулар 1 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышты. Жалпы жыйынтык боюнча өлкө курама командасы 8 медаль багындырып, эл аралык деңгээлде жогорку даярдыгын көрсөттү.

Алтын медалды Бишкектеги «Сейтек СТЕМ» мектебинин 11-классынын окуучусу Дмитрий Рубан жеңип алды.

Күмүш медалдардын ээлери:
— Улукбек Русланбеков — «Сейтек СТЕМ» мектеби, 10-класс;
— Атахан Исираев — «Кут Билим» окуу-тарбия комплекси, 11-класс;
— Эржан Асанов — Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс;
— Байхан Байсулдаев — Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс.

Коло медалдарды:
— Анатай Нурланов — №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу;
— Умар Эргешов — «Курманбек Баатыр» атындагы Жалал-Абад балдар лицейинин 10-классынын окуучусу жеңип алышты.

Окуучуларды олимпиадага даярдап, коштоп барган машыктыруучулар — Асхатбек Темиркулов, Нурсултан Увалиев жана Арсений Виноградов.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар