Башкы беткеДүйнөСи Цзиньпин менен Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү башталды

Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү башталды

Пекинде Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү башталды. Жолугушуу Элдик жыйындардын Улуу залында өтүүдө.

Кытай лидери эки өлкө өнөктөш болушу керектигин белгилеп, кызматташуудан эки тарап тең утушта болорун, ал эми каршылашуудан зыян тартарын айтты.

“Эки өлкөнүн кызыкчылыгы ортодогу пикир келишпестиктен алда канча салмактуу, бул жыл эки тараптуу мамиле үчүн бурулуштардын мезгили болуп калышы керек”, — деди Си Цзиньпин.

Өз кезегинде Трамп кесиптешине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, сапарын чоң сыймык деп атады.

“Бул мен үчүн чоң сыймык. Биздин мамилелер абдан жакшы калыптанган. Биз ар дайым бири-бирибизди түшүнүп келгенбиз. Кыйынчылыктар жаралганда аларды чогуу чеччүбүз. Мен сизге чала алчумун, сиз мага чала алчусуз жана адамдар билбеген көп маселелер чыкканда да биз аларды абдан тез чечип келдик. Алдыда бизди, ишенем, эң сонун биргелешкен келечек күтүп турат. Мен Кытайды жана сиз жетишкен ийгиликтерди абдан урматтайм. Сиз улуу лидерсиз. Мен муну баарына айтам, сиз чындап эле улуу лидерсиз”, — деди Дональд Трамп.

Белгилей кетсек, америкалык лидер Кытайга мамлекеттик сапары менен 13-майда келген.

Бул — АКШ президентинин акыркы тогуз жылда Кытайга жасаган алгачкы сапары. Дональд Трамп Си Цзинпин менен эки күндүк расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Күн тартибинде соода тиреши, Тайван, жасалма интеллект жана сейрек кездешүүчү минералдардын экспорту негизги темалар болот деп күтүлүүдө.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал  жана Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуулардын дээрлик токтоп калышы жолугушуунун маанилүүлүгүн мурдагыдан да арттырып, ал тургай татаал кылып жатат.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар