Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Ачык кабинет» медиадолбоорунун алкагында Агартуу министрлигине жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигине 100дөн ашык жаңы кызматтык унаа тапшырды.
Маалыматка ылайык, Агартуу министрлигине 91 автоунаа, ал эми мамлекеттик агенттикке 20 унаа берилди. Жаңы техника аймактардагы иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында алынган.
Адылбек Касымалиев акыркы беш жылдагы экономикалык өсүш мамлекеттик мекемелердин автопарктарын жаңылоого мүмкүндүк бергенин белгиледи. Ал ошондой эле 2026-жылы өлкө боюнча дагы 50 жаңы мектеп куруу пландалып жатканын айтты.
Кабмин башчысы президенттин тапшырмасы менен жүргүзүлүп жаткан жер мунапысын дагы өзгөчө белгилеп, бүгүнкү күнгө чейин жарандардан 240 миңден ашуун арыз түшкөнүн маалымдады. Анын ичинен 75 миңден ашуун адам “кызыл китеп” алып, 40 миңден ашуунуна техникалык паспорт берилген.
Мындан тышкары, жер мамилелерин санариптештирүү алкагында мамлекеттик агенттик GPS жабдуулары, дрондор жана сервердик техникалар менен камсыздалганы айтылды.


