Башкы беткеДүйнөТүркия 25 жылдан кийин Армения менен түз соодага чыгат

Түркия 25 жылдан кийин Армения менен түз соодага чыгат

Түркия Армения менен эки тараптуу түз соодага коюлган чектөөнү расмий түрдө алып салды. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Онджю Кечели билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын 11-майында Түркия менен Армениянын ортосунда түз сооданы баштоо боюнча бардык техникалык жана бюрократиялык даярдыктар аяктаган. Ошондой эле эки өлкөнүн чек арасын ачуу боюнча иштер дагы уланууда.

Жаңы тартипке ылайык, үчүнчү өлкөлөр аркылуу ташылган товарларда акыркы жеткирүү багыты катары “Армения/Түркия” деп көрсөтүүгө уруксат берилди. Мурда мындай белгилөөгө чектөө коюлуп келген. Түркия бул кадам Түштүк Кавказдагы туруктуу тынчтыкты жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталганын белгиледи.

Өз кезегинде Армениянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ани Бадалян бул чечимди кубаттап, аны эки өлкөнүн ортосунда толук кандуу дипломатиялык мамилелерди орнотууга карай маанилүү кадам деп атады.

Эске салсак, Түркия менен Армениянын чек арасы 1993-жылдан бери жабык болчу. 2021-жылдан тарта эки өлкө мамилелерди нормалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар