Бельгиянын Брюссель шаарында Европа Биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баңгизаттардын жайылышын алдын алуу боюнча диалогу өттү. Иш-чарага Кыргызстандан Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев баштаган делегация катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар баңгизат кырдаалынын жаңы тенденцияларын, синтетикалык баңгизаттардын жана психоактивдүү заттардын жайылышын, ошондой эле санариптик платформалар менен криптовалюталарды колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш маселелерин талкуулашты.
Кыргыз тарап өлкөдөгү учурдагы баңгизат кырдаалы, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көрүлүп жаткан чаралар жана эл аралык кызматташтыктагы артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Европа Биримдиги менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда ишке ашырылып жаткан CADAP, EU-ACT жана BOMCA программаларынын алкагындагы кызматташтык маселелери каралды.
Жыйынтыгында тараптар заманбап баңгизат коркунучтарына каршы күрөштө практикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана тажрыйба алмашууну улантууга даяр экенин билдиришти.


