Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Индия премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Паван Капур менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.
Адилет Орозбеков Кыргызстан менен Индия экстремизмге, терроризмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөштү маанилүү багыт катары карарын белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук тартибин чыңдоо жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусунун алкагында өттү.


