Башкы беткеЭкономикаТүркия менен жашыл энергетика жаатындагы кызматташтык кеңеет

Түркия менен жашыл энергетика жаатындагы кызматташтык кеңеет

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркиянын ZENA Elektrik ve Enerji Anonim Şirketi компаниясынын жетекчиси Йүксел Чагры Гүрсес менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Бакыт Сыдыков Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле өлкөдө жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса көрсөттү.

Министр Кыргызстан ZENA Enerji компаниясынын инвестициялык долбоорлорун колдоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Йүксел Чагры Гүрсес мырза Кыргызстандагы инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөр менен жакындан таанышкандан кийин өлкөгө болгон кызыгуусу артканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды активдештирүү жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары чыңдоо боюнча макулдашышты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар