Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Татарстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында «Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026» эл аралык экономикалык форумунда Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар кыргыз-татарстандык кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл аймактар аралык байланыштарды чыңдоого, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө бурулду.
Данияр Амангельдиев Кыргызстан Татарстанды маанилүү экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын белгилеп, эки тараптуу кызматташтык акыркы жылдары жогорку динамика менен өнүгүп жатканын айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө татарстандык тарап алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле ушул жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Ысык-Көл эл аралык форумуна чакырылды. Кыргыз тарап Татарстандын делегациясынын жана спортчуларынын катышуусу эки элдин маданий жана тарыхый жакындыгын дагы бир жолу даңазалай турганын белгиледи.
Тараптар туристтик тармактагы кызматташтык маселелерин да кеңири талкуулашты. Анын ичинде тоо-лыжа туризмин өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жакшыртуу жана бул багыттагы тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Өз кезегинде Рустам Минниханов форумга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге жылуу салам жолдоду.
«Биз үчүн Кыргызстан — боордош республика. Бизди тарых, ишеним жана каада-салттар бириктирет. Соода-экономикалык кызматташтыкта чоң мүмкүнчүлүктөр бар жана биз аларды ишке ашырууга даярбыз», — деди Татарстан Республикасынын Раиси.
Жолугушууда экологиялык кызматташтык маселелери да көтөрүлдү. Тараптар эки эл үчүн символдук мааниге ээ болгон илбирсти сактоо, биоартүрдүүлүктү коргоо жана тоолуу экосистемаларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы көп багыттуу кызматташтыкты мындан ары дагы тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.


