Казанда өткөн «KazanForum 2026» эл аралык экономикалык форумунда Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев бир катар маанилүү эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен болгон сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, инвестициялык долбоорлор жана энергетика тармагындагы биргелешкен иштер талкууланды. Тараптар мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын да карап чыгышты.
Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүк жана ынак коңшулук мамилелерин бекемдөөнү улантып, аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле форумдун алкагында Афганистандын жогорку билим берүү министри Неда Мохаммад Надим баштаган делегация менен жолугушуу өттү. Анда негизинен билим берүү жана гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды. Афган тарап тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстан бардык багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экени белгиленди.


