Башкы беткеМаданиятСулайман-Тоодо тыйындар көргөзмөсү ачылды

Сулайман-Тоодо тыйындар көргөзмөсү ачылды

Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музейинде Акча күнүнө арналган алтын жана күмүш тыйындардын көргөзмөсү ачылды.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, көргөзмөгө ар кайсы тарыхый доорлорго таандык акча белгилери жана тыйындар коюлду. Экспозиция улуттук валютанын тарыхын таанытууга жана акчанын коомдогу ордун көрсөтүүгө багытталган.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акчанын баалуулугу тууралуу түшүнүктү калыптандыруу жана тарыхый мураска болгон кызыгууну арттыруу.

Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө шаар тургундары менен коноктордун чоң кызыгуусун жаратып, улуттук акча тарыхын изилдөөгө болгон кызыгууну күчөттү.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар