«Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) Башкаруу кеңешинин биринчи жыйынында аймактын жетекчилиги дайындалып, башкаруучу компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары аныкталды. Башкаруу кеңешинин төрагасы болуп Юстиция министри Аяз Баетов шайланды.
Жыйындын негизинде ишти башкаруучу компания негизделип, анын жетекчилигине Талантбек Иманов дайындалды. Аталган компания АФИАнын негизги башкаруу органы болуп, резиденттерди каттоо, лицензия берүү жана болжол менен 6 миң гектар аймактагы инфраструктураны өнүктүрүү иштерин жүргүзөт.
Бул чечимдер АФИА «Тамчынын» укуктук жана уюштуруучулук даярдык этабынан практикалык ишке өтүп жатканын көрсөтөт. Жаңы жетекчиликке резиденттер менен иш башталганга чейин толук кандуу башкаруу системасын түзүү милдети жүктөлдү. Жыйындын алкагында финансылык борборду өнүктүрүү планы, ички иш регламенттери жана алгачкы ченемдик документтер пакети бекитилди. Ошондой эле башкаруучу компанияга толук жөнгө салуучу базаны иштеп чыгуу, резиденттер үчүн кызмат көрсөтүү экосистемасын даярдоо жана эл аралык стандарттарга ылайык иштей турган Эл аралык талаштарды чечүү борборун түзүү тапшырылды.
Маалыматка ылайык, жаңы борбордо кадрларды тандоо иштери да башталды. Негизги кызматтар үчүн квалификациялык талаптар бекитилип, жетекчи кызматтарга талапкерлерди кабыл алуу жүрүүдө. Анын ичинде эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасы бар судьяларды жана адистерди тартуу пландалууда.
Жай айларында Ысык-Көлдүн жээгинде АФИАнын биринчи бизнес-борбору ачылат. Ал жерде башкаруучу компаниянын кеңселери жайгашып, алгачкы резиденттер менен расмий иш алып баруу башталат.
Маалымат жыйынында белгиленгендей, Ысык-Көл Борбор Азия, Кытай жана Жакынкы Чыгыш өңдүү ири рыноктордун кесилишинде жайгашкандыктан, долбоордун максаты — эл аралык деңгээлдеги ачык эрежелерге, көз карандысыз арбитражга жана заманбап башкаруу системасына негизделген жаңы финансылык-инвестициялык борбор түзүү болуп саналат. Бул өз кезегинде Кыргызстанга 20 млрд долларлык экономикалык киреше алып келүүгө багытталган, 10 миңдеген жумушчу орунду түзгөн ири долбоор катары каралууда.


