Улуттук банктын маалыматына ылайык, 15-майга карата 278 миң 135 жаран Түндүк аркылуу өз атына насыя жана займ алууга өзүнө-өзү тыюу салды.
Бул механизм 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта ишке кирип, насыялык алдамчылыктын алдын алууга багытталган.
Мекеменин билдирүүсүндө, жарандардын мындай кызматтан активдүү пайдаланганы жеке каржы коопсуздугун камсыздоого болгон кызыгуунун өсүп жатканын көрсөтөрү белгиленди.


