Садыр Жапаров, 15-майда Казакстандагы иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Азрет Султан улуттук тарыхый-маданий музей-коругуна жана Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзүнө барды.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчылары музейдеги “Сейрек кездешүүчү экспонаттар залы” менен таанышып, XIV–XV кылымдарга таандык уникалдуу тарыхый реликвияларды көрүштү. Лидерлерге түрк дүйнөсүнүн руханий мурасы жана Кожо Ахмед Ясавинин тарыхы тууралуу маалымат берилди.
Андан соң делегациялар ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кожо Ахмед Ясави күмбөзүнө барышты. XIV кылымдын аягында Эмир Тимурдүн буйругу менен курулган бул комплекс түрк жана ислам цивилизациясынын маанилүү руханий борборлорунун бири катары белгилүү.
Күмбөздүн ичинде Куран окулуп, иш-чара түрк элдеринин орток тарыхый жана маданий мурасын баса белгилеген Түрк мамлекеттери уюмунун бейформал саммитинин программасынын бир бөлүгү болду.





