Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банк жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен суу чарба тармагына инвестиция тартуу маселелерин талкуулады.
Жолугушууда Кыргызстандагы суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу маселелери каралды. Анын алкагында “Ирригацияга инвестициялардын улуттук программасы” долбоору талкууланып, өлкөгө 193 миллион АКШ доллары көлөмүндө каржылоо тартуу пландалып жатканы айтылды.
Маалыматка ылайык, долбоор ирригациялык инфраструктураны жаңылоого, суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Мындан тышкары, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Өмүкө сугат каналынын, ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата жана Айтматов райондорундагы Чоң Талас каналынын долбоордук-сметалык документтерин даярдоо маселеси каралды. Бул иштер үчүн 650 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнөрү белгиленди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Эрлист Акунбеков жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү тиешелүү протоколдорго кол коюшту.


