Башкы беткеМаданиятБексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өттү

Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өттү

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы жана өнөр таймашы жогорку деңгээлде өттү.

Маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана коомдук ишмерлер катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө Бексултан Жакиев кыргыз руханий дүйнөсүндө өзгөчө орду бар залкар инсан экенин белгилеп, анын чыгармачылыгы улуттук адабияттын алтын казынасына айланганын айтты. Ошондой эле айтыш өнөрү элдин тарыхын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын муундан-муунга жеткирген улуу мурас экенине токтолду.

Айтышка Кыргызстан менен Казакстандан келген белгилүү төкмө акындар катышып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги чыгармачылык таймаш тартуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук сөз өнөрү, төкмөлүк салт жана эки элдин руханий байланышы кеңири даңазаланды.

Калыстар тобунун чечими менен баш байгеге Акматбек Султан уулу жана Жансая Мусина ээ болуп, ар бири 300 миң сомдон сыйлык алышты.

Биринчи орунду Асылбек Маратов менен Нурлан Эсенкулов жеңип алып, 250 миң сомдон байге алышты. Экинчи орун Изат Айдаркулова менен Аспанбек Шугатайга ыйгарылып, аларга 200 миң сомдон тапшырылды. Үчүнчү орунду Баян Акматов жана Нурбол Жаунбаев ээлеп, 150 миң сомдон сыйлык алышты.

Атайын сыйлыктар Мамбеттокто Мамбеторозо уулу менен Өмүржан Көпбосынга берилип, ар бирине 100 миң сомдон ыйгарылды.

Мындан тышкары, “Айтыш” коомдук фонду тарабынан Бексултан Жакиев, Элмирбек Иманалиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев жана Эстебес Турсуналиев атындагы атайын сыйлыктар тапшырылып, жеңүүчүлөргө 50 миң сомдон байге берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар