Башкы беткеКоомЖакында жол эрежесин жаңы камералар көзөмөлдөйт

Жакында жол эрежесин жаңы камералар көзөмөлдөйт

2026-жылдын 1-июнунан тартып Кыргызстанда жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктоочу жаңы автоматташтырылган программалык-аппараттык комплекстер толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы система сыноодон ийгиликтүү өтүп, айдоочулардын бир катар жол эрежелерин бузган учурларын автоматтык түрдө аныктай алат. Анын ичинде белгиленген ылдамдыкты ашыруу, коопсуздук курун такпай айдоо, рулда баратып телефон колдонуу жана каршы тилкеге чыгып кетүү фактылары катталат.

ИИМдин маалыматына караганда, 1-июндан тартып бул комплекстер өлкө аймагында толук иш режимине өтөт.

Акыркы жылдары Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны көбөйүп, оор кесепеттерге алып келген учурлар көп катталууда. Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы өлкөдө 8 миң 456 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 900 адам каза болгон. Дагы 12 миң 169 жаран ар кандай жаракат алган.

Адистер жол кырсыктарынын негизги себептери катары ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу, мас абалында унаа башкаруу жана айрым жолдордун талапка жооп бербеген абалын белгилеп келишет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар