Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧукул билдирүү! Сел жүрүү коркунучу бар

Чукул билдирүү! Сел жүрүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 19-майдан 23-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этегиндеги аймактарында аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарды сак болууга жана коопсуздук чараларын алдын ала көрүүгө чакырат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар