Башкы беткеДүйнөMercedes-Benz ок өтпөс унаа чыгарууну кароодо

Mercedes-Benz ок өтпөс унаа чыгарууну кароодо

Германиянын ири автоөндүрүүчүсү Mercedes-Benz келечекте Европанын коргонуу өнөр жайына катышуусу мүмкүн экенин билдирди. Компаниянын башкы директору Ола Каллениус дүйнөдөгү коопсуздук кырдаалы өзгөрүп жатканын айтып, Европа өзүнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшү керек экенин белгиледи.

Анын айтымында, Mercedes-Benz бул тармакта пайдалуу роль ойной алса, кызматташууга даяр. Бирок коргонуу багыты компания үчүн негизги эмес, кошумча ишмердүүлүк бойдон каларын кошумчалады.

Буга чейин Volkswagen да аскердик транспорт чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Ошол эле учурда Rheinmetall сыяктуу курал өндүрүүчү компаниялар автоунаа заводдорун коргонуу өндүрүшүнө ылайыкташтырууну изилдеп жатышат. Эксперттердин баамында, Германиянын автоөнөр жайы кризиске туш болуп жаткан учурда коргонуу сектору тескерисинче өсүүдө. Mercedes-Benz 2025-жылы кирешеси дээрлик 50 пайызга азайганын маалымдаган.

Ошол эле маалда дүйнөлүк курал өндүрүшү рекорддук өсүшкө жетип, ири коргонуу компаниялары жаңы адистерди авто тармагынан тарта баштады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар