Кыргызстандын авиациясын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев билдирди.
Анын айтымында, бул маселеге байланыштуу үч баскычтан турган сүйлөшүү жүрдү. Ушул тапта Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) комиссиясы Кыргызстанда жүрөт. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгаруу же баш тартуу боюнча чечим кабыл алынаары күтүлүүдө.
“Манас” аэропорту эл аралык деңгээлге татыктуу болгудай оңдолуп жатат. Аэропорттун учуу-конуу тилкеси жаңыртылып, учак конгон аймак эл аралык талаптарга жооп бергендей жарыктандырылды. Коопсуздукка байланыштуу маселенин баары чечилди”, – деди Амангельдиев.



