Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Документ 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны азайтуу максатында кабыл алынганы белгиленди. Анын алкагында шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы оптималдаштырылат.
Өзгөртүүлөргө ылайык, БШКнын курамы 12 мүчөдөн 8 мүчөгө чейин кыскартылды. Ошондой эле комиссиянын жыйындарын өткөрүү жана чечим кабыл алуу тартиби дагы такталган.



