Башкы беткеПрезидентКыргызстандыктар үчүн Бенилюкс өлкөлөрүндө жүрүү эрежелери жөнөкөйлөшөт

Кыргызстандыктар үчүн Бенилюкс өлкөлөрүндө жүрүү эрежелери жөнөкөйлөшөт

Президент Садыр Жапаров Бенилюкс мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Документ 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуу 2025-жылдын 18-июнунда Бельгиянын борбору Брюсселде кол коюлган. Ага Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу кирген Бенилюкс мамлекеттери менен Кыргызстан катышууда.

Мыйзам макулдашууну күчүнө киргизүү үчүн мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Макулдашуу тараптардын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кабыл алуу жана кайтаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Ошондой эле чыгарылууга тийиш болгон жарандарды транзит аркылуу өткөрүү жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташууну күчөтүүнү карайт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар