Кыргызстанда 2024-жылдан тарта бөйрөк трансплантациясы мамлекеттин эсебинен акысыз жүргүзүлүп, 43 бейтапка операция жасалды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда 2018-жылдан бери жалпы 84 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган. Анын жарымына жакыны мамлекет тарабынан каржыланып, бейтаптарга акысыз жүргүзүлгөн.
2024-жылы 21 жаранга бөйрөк трансплантациясы акысыз жасалса, 2025-жылы дагы 16 операция мамлекеттин эсебинен өткөрүлгөн. Ал эми быйылкы жылдын башынан бери мындай операциялар беш бейтапка бекер жасалды.
Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк ооруканасында дагы 16 бөйрөк алмаштыруу операциясы өткөрүлгөн. Алгачкы операциялар бул жерде түркиялык дарыгерлердин катышуусунда жасалган.
Буга чейин бейтаптар бөйрөк алмаштыруу үчүн 7-8 миң долларга чейин өз каражатын төлөөгө мажбур болушкан. Азыр бул кызмат мамлекет тарабынан каржыланып жатат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 4,5 миңге жакын бейтап гемодиализ алат. Мамлекет ар бир гемодиализ сеансы үчүн 6500 сом төлөп, бул багытка жылына 4 миллиард сом бөлөт.



