Башкы беткеМинистрлер кабинети«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКта жаңы дайындоо болду

«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКта жаңы дайындоо болду

Бүгүн «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКнын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматына Алима Нурланова дайындалды.

Белгилей кетсек, Алима Нурланова буга чейин мекеменин Бишкек филиалынын директору болуп эмгектенип келген. Ал камсыздандыруу тармагында бир катар натыйжалуу иштерди жүргүзүп, кесипкөйлүгү жана уюштуруучулук жөндөмү менен айырмаланганы айтылды.

Маалыматка ылайык, жаңы кызматка дайындоо анын тармактагы көп жылдык тажрыйбасы жана эмгегинин негизинде, ошондой эле айымдардын өкүлчүлүгүн кеңейтүү квотасына ылайык жүргүзүлгөн.

«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКнын жамааты Алима Нурланованы жаңы жооптуу кызматы менен куттуктап, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар