Башкы беткеИлимОшто инклюзивдик билим берүүнүн сапаты жогорулатылат

Ошто инклюзивдик билим берүүнүн сапаты жогорулатылат

18-майда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети көчмө жыйындын алкагында Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы бир катар билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Депутаттар мектеп-интернаттардын, бала бакчалардын жана кесиптик лицейдин шарттарын көрүп чыгып, материалдык-техникалык база, инклюзивдик билим берүү жана окуу процессинин сапатын жакшыртуу маселелерине көңүл бурушту.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Ош технологиялык университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, заманбап технологиялар, лабораториялар жана энергетикалык долбоорлорду көрүштү. Жолугушууда билим берүү системасын өркүндөтүү жана студенттик долбоорлорду колдоо маселелери талкууланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар