Кечээ, 18-майда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында европалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушууга «Edelweiss Group», «Piper Deutschland AG», «Swisscows AG», «BRUGG» компаниялар тобу жана «Mountain Wolf» компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар Кыргызстан менен европалык өнөктөштөрдүн ортосундагы инвестициялык, өнөр жай жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле өлкө аймагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Экономика жана коммерция министрлиги менен «Edelweiss Group» компаниясынын ортосунда эки меморандумга кол коюлду. Алар Евразиялык индустриалдык-финансылык парк түзүү жана Кыргыз-Швейцария өнүктүрүү инвестициялык фондун түзүү боюнча кызматташтыкты камтыйт.
Маалыматка ылайык, индустриалдык-финансылык парк заманбап өндүрүш ишканаларын, бизнес жана инженердик инфраструктураны, ошондой эле инновациялык технологиялык компанияларды жайгаштырууга багытталат.
Ал эми Кыргыз-Швейцария өнүктүрүү инвестициялык фонду инвестицияларды тартууга көмөктөшүп, келечектүү долбоорлорду каржылоону жана Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүнү көздөйт.
Экономика министрлиги белгилегендей, бул демилгелер өлкөгө чет элдик инвестициялардын агымын күчөтүп, жаңы технологияларды киргизүүгө, өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экспортко багытталган өндүрүштөрдү түзүүгө шарт түзөт.



