Башкы беткеДүйнөПутин Кытайга ири делегация менен барат

Путин Кытайга ири делегация менен барат

Россиянын Президенти Владимир Путин 19–20-май күндөрү Кытайга расмий сапар менен барат. Сапар Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен ишке ашууда.

Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, Путинди Кытайга өтө ири жана өкүлчүлүктүү делегация коштоп барат. Анын курамына Россиянын беш вице-премьери, сегиз министри, Борбордук банктын жетекчиси, мамлекеттик корпорациялардын башчылары жана аймак жетекчилери кирген.

Делегациянын курамында вице-премьерлер Денис Мантуров, Татьяна Голикова, Александр Новак, Юрий Трутнев жана Дмитрий Чернышенко бар. Ошондой эле “Роснефть” компаниясынын жетекчиси Игорь Сечин, “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер жана бир катар ири бизнес өкүлдөрү катышат.

Кытайга Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, каржы министри Антон Силуанов, экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников жана башка министрлер дагы барат.

Маалыматка караганда, Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү жана 40ка жакын документке кол коюлушу күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар