Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Жаштар кеңешинин алкагында уюштурулган «Жаш кадрлар мектебинин» расмий ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев катышып, жаштардын мамлекет өнүгүүсүндөгү ролу жана жаштар саясатынын мааниси тууралуу сөз сүйлөдү. Төрага өз сөзүндө өлкөнүн келечеги жаштардын билимине, демилгесине жана мекенчилдигине түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, жаштар коомдогу өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткыч күчү экенин айтты.
Ал ошондой эле быйыл түзүлгөн Жаштар кеңеши жаштар менен парламенттин ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана алардын сунуштарын мыйзам чыгаруу процессине тартууга өбөлгө болорун белгиледи. “Жаш кадрлар мектеби” келечектеги мамлекеттик кызматкерлерди, лидерлерди, аналитиктерди жана коомдук ишмерлерди даярдоочу маанилүү аянтча экени айтылды.
Жыйын суроо-жооп форматындагы талкуу менен уланып, андан соң катышуучулар Ата-Бейит мемориалдык комплексине барышты.



