Башкы беткеМинистрлер кабинетиТарыхта биринчи жолу! ТИМ башчысы расмий сапары менен Мозамбикке жана Намибияга барат

Тарыхта биринчи жолу! ТИМ башчысы расмий сапары менен Мозамбикке жана Намибияга барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тарыхта алгачкы жолу расмий сапарлар менен Мозамбикке жана Намибияга барат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 19-22-май күндөрү Африка өлкөлөрү менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле саясий диалогду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кыргыз дипломатиясынын тарыхында биринчи жолу Мозамбикке жана Намибияга расмий сапарлар менен барат.

Бул сапарлардын жүрүшүндө эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландалган, анын алкагында тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Мозамбик жана Намибия менен келишимдик-укуктук базасын мындан ары кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар