Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Марсбек уулу Илич токой чарбаларын колдоо үчүн техника жана жабдууларды тапшыруу аземине катышты.
Иш-чара IFAD жана Адаптациялык фонддун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Туруктуу жайыт жамааттары – АДАПТ” долбоорунун алкагында уюштурулду.
Заманбап техника жана жабдуулар Кара-Кулжа жана Ош токой чарбаларына, Чоң-Кемин жаратылыш паркына, ошондой эле Кыргыз агрардык университетине көчөт өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана экосистемаларды сактоо максатында берилди.
Долбоордун алкагында питомниктерди өнүктүрүүгө 49,7 млн сомдук гранттык келишимдер түзүлдү. Мындан тышкары, 18 токой чарбасы менен 1522 гектар аймакта токойлорду калыбына келтирүү үчүн 112,1 млн сомдук келишимдерге кол коюлду.
Жалпысынан өлкө боюнча 2,5 миң гектар аянтта жаңы токой аянттарын түзүү жана калыбына келтирүү пландалууда.



