БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк деңгээлдеги кризиске айланып, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн оор кесепеттерди жаратып жатканын билдирди.
Учурда Жапонияда сапар менен жүргөн Гутерриш бул тууралуу Токиодо БУУга Жапониянын мүчө болгонуна 70 жыл толушуна арналган иш-чарада айтты.
Ал өз сөзүндө Япония менен БУУнун кызматташтыгы дүйнөдө тынчтыкты, адилеттүүлүктү жана туруктуулукту камсыздоодо маанилүү экенин белгилеп, көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды.
Журналисттердин Ормуз кысыгы боюнча суроосуна жооп берип жатып, Гутерриш энергия ресурстарынын баасынын кескин өсүшү жана жер семирткичтердин тартыштыгы өнүгүп жаткан мамлекеттерге олуттуу сокку болуп жатканын айтты.
“Бул жергиликтүү эмес, глобалдык кризис. Ормуз кысыгынын жабылышы таптакыр кабыл алынгыс көрүнүш”, — деди БУУнун баш катчысы.
Ал ошондой эле кысыкты ачуу маселеси боюнча тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана БУУ бул процессте активдүү роль аткарып жатканын кошумчалады. Гутерриш учурдагы кырдаалды “согуш да эмес, тынчтык да эмес абал” деп мүнөздөдү.



