Башкы беткеЭкономикаКыргызстан россиялык инвесторлор менен курулуш тармагындагы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан россиялык инвесторлор менен курулуш тармагындагы кызматташууну кеңейтет

Бүгүн, 19-майда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Новосибирск облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары жана “Биринчи Курулуш Фонду” компаниялар тобунун башкы директору Майис Мамедов жетектеген бизнес-делегация менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар турак жай жана инфраструктуралык курулуш тармагындагы кызматташтыктын келечегин, курулуш материалдарын өндүрүүнү жергиликтештирүү маселелерин, ошондой эле биргелешкен бизнес-форум уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

“Кыргызстан бүгүн ири курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр болгон ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөштөрдү тартууга кызыкдар. Биз Новосибирск облусунун бизнес-коомчулугу менен кызматташуунун чоң потенциалын көрүп турабыз жана инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз”, – деди Сабиров.

Жолугушуунун алкагында россиялык тарапка Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан инвестициялык мыйзамдар, бизнести коргоо чаралары, “бирдиктүү терезе” механизми, ошондой эле инвесторлор үчүн каралган салыктык жана визалык жеңилдиктер тууралуу маалыматтар берилди.

Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, биргелешкен инвестициялык жана курулуш демилгелерин мындан ары да иштеп чыгууну макулдашты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар