Башкы беткеМаданиятАрслан Койчиев: “Кыргыздардын Алтын Ордонун тагдырына тике тиешеси бар”

Арслан Койчиев: “Кыргыздардын Алтын Ордонун тагдырына тике тиешеси бар”

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 19-майда Астана шаарында өткөн “Алтын Ордо талаа цивилизациясынын модели” аттуу эл аралык симпозиумга катышты.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен уюштурулган бул илимий форумда Арслан Койчиев доклад жасап, кыргыздардын Алтын Ордонун тагдырына тике тиешеси бардыгын жана таасирдүү роль ойногонун билдирди. Ошондой эле кыргыздардын кайсы бир бөлүгү Токтомуш хандын акыркы тиреги болгонун, Адыгине жана Тагай бутагындагы кыргыздардын айрым топтору Алтын Ордону калыбына келтирүү үчүн өжөрлүк менен күрөш жүргүзүшкөнүн документалдуу аргументтер менен тастыктап берди.


Ошону менен катар, мамлекеттик катчы түрк интеграциясынын маанисин, жалпы түрк дүйнөсүнүн тарыхын “тарыхтан сабак алуу” аспектисинен талдоо зарылдыгын белгилеп, келечекте “Түрк дүйнөсү жана Русь”, “Түрк дүйнөсү жана Кытай” деген эки илимий долбоорду бирге ишке ашырууну сунуш кылды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар