Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев Мозамбик президенти менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев Мозамбик президенти менен жолугушту

Кечээ, 19-майда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мозамбик Республикасына болгон алгачкы расмий сапарынын алкагында өлкө президенти Даниэл Франсишку Шапу менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-мозамбик мамилелеринин учурдагы абалын жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен саясий диалогду кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Мозамбик Түштүк Африка аймагындагы маанилүү жана келечектүү өнөктөш экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар