Башкы беткеМинистрлер кабинетиАксыда сел көпүрөнүн таянычын агызып, жол убактылуу жабылды

Аксыда сел көпүрөнүн таянычын агызып, жол убактылуу жабылды

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү Ак-Жол – Жолборсту унаа жолунун 1+300-чакырымында түнкү саат 02:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Келген сел сууларынын көлөмү көп болгондуктан, көпүрөгө батпай, анын бир таянычын агызып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган адамдар жок.

Учурда унаа жолу убактылуу жабылып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тийиштүү жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар жеринде калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар