Башкы беткеМинистрлер кабинетиАла-Бука – Кербен унаа жолундагы суу алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүү иштери...

Ала-Бука – Кербен унаа жолундагы суу алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 23,8-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн эки жагын суу алып кеткендиктен, жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда аталган тилкеде абал кооптуу болгондуктан, көпүрө аркылуу жеңил унаалар гана өткөрүлүүдө. Жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Жеринде министрликке тийиштүү жол тейлөө ишканасынын адистери жана атайын техникалар иш алып барууда. Көпүрөнүн четтерин бекемдөө жана кесепеттерди жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар