Башкы беткеКоомЧоң-Алайга жылуулук электр борборун куруу каралууда

Чоң-Алайга жылуулук электр борборун куруу каралууда

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жылуулук электр станциясын жана санариптик инфраструктураны куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигине караштуу МЖӨ(мамлекет жана жеке өнөктөштүк) борборунан билдирди.

Маалыматка ылайык, конкурстун жеңүүчүсү болуп “Вольт Хаш Кей Джи” ЖЧКсы табылды. Долбоор заманбап жылуулук электр станциясын этап-этабы менен курууну карайт. Алгачкы этапта кубаттуулук 10–20 МВт болсо, келечекте 200 МВтка чейин жеткирүү пландалууда.

Долбоордун өзгөчөлүгү — энергетикалык жана санариптик инфраструктураны бириктирүү болуп саналат. Анда ЖЭБден тышкары дата-борбор, жогорку технологиялуу диспетчердик жана мониторинг борбору, ошондой эле инженердик жана логистикалык объектилер курулат.

Комплексте эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берген заманбап технологиялар жана зыяндуу заттарды тазалоочу системалар колдонулат.

Мамлекеттик өнөктөш катары Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы чыгууда. Ал эми “Вольт Хаш Кей Джи” компаниясы объектти куруу, пайдалануу жана башкаруу иштерин жүргүзөт.

Долбоор электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга, аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар