Башкы беткеМинистрлер кабинетиМамлекетке алгылыктуу кызмат көрсөткөндөр сыйланды

Мамлекетке алгылыктуу кызмат көрсөткөндөр сыйланды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшыруу аземине катышты.

Салтанатта өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө кошкон салымы, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн бир катар тармактардын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана Төраганын атынан алкыштар ыйгарылды.

Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата тапшырылды.

Адылбек Касымалиев сыйлык ээлерин куттуктап, алардын эмгеги мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым болуп саналарын белгиледи. Ал ар бир мамлекеттик кызмат эл үчүн кызмат кылууга багытталышы керектигин баса белгилеп, сыйлыктар жаңы ийгиликтерге дем берерине ишеним билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар