2026-2027-окуу жылында 3-класстын жана 8-класстын окуучулары 12 жылдык билим берүү системасына өтүшөт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында ата-энелер үчүн уюштурулган «Доор өзгөрткөн билим» аттуу ачык диалог атуу жолугушууда билдирди.
Анын белгилөөсүндө, 2025/2026-окуу жылында жаңы программа менен 1-, 2-, 5- жана 7-класстар окушту. Алар үчүн жыл ичинде айрым сабактар боюнча окуу китептери жаңыланган.
“12 жылдык окутуу моделине өтүүнүн негизги себептери — мектептик билим берүү системасынын мазмунун жаңылоо, эл аралык билим берүү системасы менен интеграциялоо, жогорку класстардын окуучуларынын кызыкчылыктарына жараша багыттык билим берүүнү киргизүү, ошондой эле 6 жаштагы балдарды мектепке чейинки даярдоо менен камсыз кылуу жана тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү”, — деди министр.



