Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жаш калемгерлер үчүн “7 жаш автор” аттуу адабий сынак жарыялады.
Сынактын негизги максаты — жаш авторлордун талантын ачууга шарт түзүү, алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү, мыкты чыгармаларды аныктап, жайылтуу болуп саналат. Ошондой эле жаштарды чыгармачылыкка үндөп, улуттук маданиятты жана руханий баалуулуктарды даңазалоого багытталган.
Конкурс төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:
- проза;
- поэзия;
- драматургия.
Конкурска катышуунун шарттары:
- чыгармалар мамлекеттик жана расмий тилде кабыл алынат;
- мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана катышат;
- материалдар компьютерде Times New Roman ариби менен, 14-шрифтте, 1 интервал менен терилип, 250 беттен ашпоого тийиш;
- өтүнмө, кыскача өмүр баяны, сүрөтү, иштеген же окуган жери жана дареги тиркелиши керек;
- сынакка 45 жашка чейинки авторлор катыша алат.
Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган 7 автордун чыгармалары уюштуруучулар тарабынан басылып чыгарылат.
Материалдарды 2026-жылдын 18-майынан 25-сентябрына чейин төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл:
[email protected]
Толук маалыматты Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун сайты аркылуу алууга болот.
Байланыш телефондору:
- (0312) 54-06-54
- (0700) 84-83-29



