Баш калаада быйыл 33 жаңы мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаардагы окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Шаар башчысынын айтымында, административдик-аймактык реформадан соң жана ички миграциядан улам мектеп окуучуларынын саны кескин көбөйгөн. Эки-үч жыл мурда шаарда 180 миңдей бала окуса, азыр 260 миңдей окуучу бар.
Жунушалиев учурда 20 мектеп курулуп жатканын билдирди. Аларга кошумча дагы 12 мектеп Сауд Арабиясынын фонду аркылуу, бир мектеп Орусиянын колдоосу менен курулуп жатат. Мындан тышкары мэриянын эсебинен үч мектеп жана төрт бала бакча курулмакчы.
Ошондой эле мэриянын менчигине мурда мыйзамсыз менчиктештирилген имараттар кайтарылууда. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз бала бакча кайтарылса, анын бешөө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бала бакча катары пайдаланууга берилген.



