Башкы беткеМаданиятЗаманбап кыргыз живописине арналган лекция өтөт

Заманбап кыргыз живописине арналган лекция өтөт

23-май күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде заманбап кыргыз живописине арналган лекция уюштурулат.

Лекциянын жүрүшүндө улуу муундагы сүрөтчү Жыргалбек Матураимов жана жаш сүрөтчүлөр Насиридин уулу Абай менен Ислам Дооровдүн чыгармачылыгы тууралуу сөз болот.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, тандалган сүрөтчүлөрдүн эмгектери жанрдык живописти жаңыча өңүттөн ачып, күнүмдүк турмушту, адамдын ички сезимдерин жана шаар жашоосунун ирониялуу көрүнүштөрүн чагылдырат.

Ошондой эле лекциянын алкагында заманбап сүрөтчүлөрдүн эмне үчүн жеке тажрыйбага жана күнүмдүк жашоонун темаларына көбүрөөк кайрыла баштаганы талдоого алынат. Катышуучулар чыгармалардагы негизги идеяларды чечмелөөгө жана бүгүнкү күндүн көрүнүштөрүнөн классикалык көркөм салттардын уландысын байкоого мүмкүнчүлүк алышат.

Лектор катары искусствотануу боюнча адис, музейдин жетектөөчү кызматкери жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Айна Молдохматова чыгат.

Иш-чаранын узактыгы 1 саат 40 мүнөттү түзөт.

Кирүү музей билети менен:

  • чоңдор үчүн — 300 сом;
  • студенттер үчүн — 80 сом;
  • окуучулар үчүн — 40 сом.

Лекцияга алынган билет ошол эле күнү музейдин көргөзмөлөрүн көрүүгө да мүмкүнчүлүк берет.

Дареги:
Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, 196.
Г. Айтиев атындагы КУКСИМ, 1-кабат, кинозал.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар