Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, өлкөнүн руханий потенциалын өнүктүрүүгө жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон салымы үчүн бир катар диний ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 30 жылдыгына байланыштуу ыйгарылды.
«Даңк» ордени менен Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз Закиров жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев сыйланышты.
Ал эми «Ардак» медалы диний ишмер, «Көлмө медресе» диний окуу жайынын директору Ырысбай Ахунбаевге, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраевге, Жусуп Баласагын атындагы Ислам диний уюмунун негиздөөчүсү Жеенбек Таштановго жана «Абдуллах ибну Масъуд атындагы медресе» мекемесинин мугалими Сражидин Туяковко ыйгарылды.



