2026-жылдын 20-майында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен сунушталган «Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу» аттуу резолюцияны консенсус негизинде кабыл алды. Документти Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан биргелешип демилгелеп, ага 40ка жакын мамлекет авторлош болду.
Резолюциянын негизги максаты — Борбор Азия мамлекеттеринин көп жылдан бери чечилбей келген чек ара маселелерин диалог, сүйлөшүү жана өз ара түшүнүшүү аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы тарыхый тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулукка үлгү катары көрсөтүү. Документте мамлекеттер ортосундагы талаштарды чечүүдө тынчтык, эл аралык укук жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы негизги принцип болушу керектиги белгиленет.
Резолюция Борбор Азиядагы жакшы коңшулук мамиленин, өз ара ишенимдин жана аймактык кызматташтыктын чыңдалышын дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогору бааланганын көрсөттү. Айрыкча Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара маселелерин саясий эрк жана конструктивдүү диалог аркылуу жөнгө салууга жетишкени эл аралык деңгээлде тынчтыкты бекемдөөнүн ийгиликтүү модели катары бааланды.
Бул резолюциянын кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын тышкы саясаттагы маанилүү дипломатиялык жетишкендиги болуп эсептелет жана өлкөнүн аймактык тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымын дагы бир жолу тастыктады.



