Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев КМШ жыйынына катышат

Адылбек Касымалиев КМШ жыйынына катышат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 21–22-май күндөрү Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат.

Сапардын алкагында ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Анда мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана актуалдуу маселелер талкууланат.

Ошондой эле Түркмөнстандын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылып, саясий-экономикалык жана көп тараптуу өнөктөштүк маселелери боюнча пикир алмашуу жүрөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар